Англиянын "Челси" футболдук клубу 42 жаштагы башкы машыктыруучусу Фрэнк Лэмпардды кызматынан алды. Мындай маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"Фрэнк Лэмпардга клубдун башкы машыктыруучусу болуп турганда жетишкен ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок акыркы жыйынтыктар күтүлгөндөй болбой жатат", - деп жазылат клубдун сайтында.
42 жаштагы машыктыруучу лондондук клуб менен 2019-жылдын июль айында үч жылдык келишим түзгөн.
"Челси" клубу Фрэнк Лэмпарддын жетекчилиги астында 2019/2020-жылдагы сезондо Англия Премьер Лигасында төртүнчү орунду ээлеген. Ал эми Чемпиондор Лигасында 1/8 финалга чейин жетип "Бавария" клубуна утулуп калган.