
Бир сутка ичинде республика боюнча коронавирус илдетинен дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен бирөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгон жаран Бишкек шаарында катталды.
Өлкөдө илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 402 адам болду. Анын ичинен 434ү COVID-19 дартынан, 968и пневмониядан көз жумган.