Эл аралык валюта фондунан дагы 120 миллион доллардан ашуун каражат бөлүнөрү күтүлүүдө

Эл аралык валюта фондунун аткаруу кеңеши Кыргыз өлкөсүнө дагы 120 миллион 900 миң доллар бөлүүнү ниеттенип жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.

"Эл аралык валюта фонду кошумча жардам берүү үчүн 120 миллион 900 миң доллар берүүгө ниеттенүүдө. Буга чейин аталган фонддон дал ушундай суммадагы акча которулган. Жалпысынан Эл аралык валюта фондунун жардамынын көлөмү болжол менен 241 миллион 800 миң долларды түзөт", - деди ал.

Башка өнөктөштөрдөн финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө деп кошумчалады Эркин Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Raatbek700
2020-04-17 17:53:16
Эмне дегенди да билбей калдым
+2
Chungyz
2020-04-17 19:20:50
Жексурларга жетпей калса керек
+2
Dani
2020-04-17 20:06:44
Алгыла дагы качан тоесунар
+2
algakaray
2020-04-17 20:36:42
Ушу акча адилеттуу, максаттуу пайдаланылат деп ишенесинерби? Кайра качан кантип кайтарып беребиз.
+3
tina-Tin
2020-04-17 21:20:54
Биринчи 120 млн алганынарды эмне кылдынар. Отчет бераласынарбы.
+3
Milduri
2020-04-17 22:02:07
Бербей эле койсо жакшы болмок, биздин чоңдор вирустун шылтоосу менен чөнтөктөрүн, сейфтерин түзүк эле кампайтып, толтуруп алышмай болду, Кыргыз өлкөсүнө мынча акча бөлүндү дегенде эле ачуум келет, Кыргыз өлкөсүндө ушундай оозу чоң алдым жуттумдар бар ал берген акчаңар кайда, эмнеге жумшалганы да билинбей кала берет, ошондуктан мындан нары дүйнөлүк уюмдар Кыргыз өлкөсүнө акча бөлүп бербей эле койсун! :(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан