Путин президенттик кызматтан кеткенден кийин вино жасоо менен алектенерин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик кызматтан кеткенден кийин вино жасоо менен алектенет. Бул тууралуу ал студенттер менен болгон жолугушууда Алексей Навальный тууралуу сөз кылып жатканда айтканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Путиндин айтымына караганда, бул тармакта ал бизнес үчүн эмес, ишкерлик кылуу максатында алектенет.

"Баарынан дагы бир гана нерсеге кызыктым, ал бизнес эмес, вино жасоо ишкерлиги. Бул ишкерликтин жакшы түрү, кайсы бир убакыттарда бул ишкерлик менен алектенгем", - деген ал.

Ошондой эле ал бизнеске эч качан кызыкпаганын кошумчалаган.

Мындан сырткары студенттер андан "хан сарай" тууралуу көрсөтүлгөн тасма жөнүндө пикирин сурашкан. Анда Путин "ал жерде менин, жакындарымдын эч кандай тиешеси жок" деген.

Эске салсак, буга чейин белгилүү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жаңы иликтөөсү жарык көргөн. Аталган иликтөөдө Навальный орусиянын президенти Владимир Путинге таандык болгон хан сарай тууралуу айтып берген. Бул иликтөө тасмасына 6 күн ичинде 86 миллион кароо болгон.

Андан соң Алексей Навальныйдын "Президент Владимир Путиндин хан сарайы" деп аталган жаңы иликтөөсү чындыкка дал келбестиги айтылган.

Көп өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык делген хан сарай тууралуу президент студенттер менен болгон жолугушууда үн катты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazarnew
2021-01-26 12:15:14
Урматтуу пупкин мырза, эми жакшылыкча бийлигинди Навальныйга тапшырып кет, орустар сенден аябай тажашты, эми правиланы сактап, чексиз бийликке жабышпай, жаштарга өткөрүп бер бийликти.
-12
Baiaman997
2021-01-26 15:32:38
nazarnew,жиндисинго, Путин кетсе Навальный Россияны Амеркага тапшырып жиберетко, ал американын жалданма адамы
+4
Spb
2021-01-26 20:53:19
nazarnew,мен болом деп чыкпа анан
+2
0196ernis
2021-01-26 12:40:49
Путинге жарашат ошондой жерде жашаса
+8
odin-takoy
2021-01-26 17:08:50
Путин ууру
-8
Spb
2021-01-26 20:52:38
odin-takoy,емнени уурдады еле путин акан
+2
Allahim
2021-01-27 06:34:10
odin-takoy,бийликке келгендер ким эле жебесин мамлекеттин казынасынан, ушул Путиндин жакшылыгынан мигранттар ырыскыбызды терип жеп журобуз Россия жергесинде, Аллах ыраазы болсун ушул кишиге бизге коп женилдиктерди бергендиги учун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан