Президенттин ант берүү аземине журналисттер киргизилбейт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Инаугурация онлайн түрдө өтө турганы айтылды. "Орундар аз, эпидемиологиялык абалга байланыштуу журналисттер ант берүү аземине киргизилбейт. КТРК аркылуу түз эфирде ант берүү аземин көрүп жазсаңыздар болот", - деп билдиришти.
Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт.