Даниянын бийлиги коронавирусту жуктурган миллиондогон норкаларды өлтүргөндөн кийин жүн иштетүүчү (мех) фермерлеринин компенсациясына 3 миллиард доллар сарптайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бул 2030-жылга чейин иштебей калган учурлар үчүн төлөмдөр жана жоготууга учураган пайда үчүн компенсация. Өлкө парламенти убактылуу тыюу салынгандан кийин фермерлерге норкаларды багууну кайра баштоого мүмкүнчүлүк берет.
2020-жылдын ноябрь айында Данияда коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн жүн иштетүүчү фермаларындагы норкалар жок кылынган. Себеби жаныбарлардан жуккан вирус адамдын дене табын көтөрүп, организмдин алсырашына алып келген инфекция табылган. Өлтүрүлгөн норка жаныбарлар көмүлгөн жерлерден көп өтпөй өлүктөрү жер бетине чыгып калган. Бул жаныбарлардагы вирус денесинде газды пайда кылып, шишип, жер бетине түртүп чыгарганы аныкталган.
Бул окуядан кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму норкалардын коронавирусту жуктуруп алгандыгын ырастап, аларды адамдарга коркунуч жаратарын билдиришкен.