Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка кирип кетти

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка кирип кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коронавирус инфекциясы боюнча суралууда. Ал бүгүн, 26-январда саат 15:00гө суракка чакырылган.

Буга чейин, дагы бир мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финполго сурак берип чыккан.

Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекова экөө тең вице-премьер-министр болуп турганда саламаттыкты сактоо тармагын жана коронавирус пандемиясына каршы саламаттыкты сактоо тутумунун даярдыгын көзөмөлдөшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан