Курсан Асанов кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин мурунку кызматкери саат 16:55те кармалган жана ага "курал жарак менен имаратты басып алуу” беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Азыркы тапта ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.

"Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес. Ал талап-тоноолордун алдын алуу максатында жүргөн жана ал абалды тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны кармашканы акыйкатсыз болду. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин да чечкен эмес”, - деди Айткулов.

Эске салсак, 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык болуп, бийликтин алмашуусуна алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-01-26 18:34:28
кармала берет кайра койо берет булардын оюну эч бутпойт экенда
+9
mariolan
2021-01-26 18:51:24
бийликти басып алган зектер да кармалат акыр бир күнү
-10
mariolan
2021-01-27 17:29:47
mariolan, үч досту айттым
0
Jelezo
2021-01-26 18:51:42
Садыр каршылаштарын камап мурункулардын катасын кайталап жатат бул жакшы жол эмес,андан көрө түрмөдө жаткан керебетин ак үйдүн көрүнө жерине койдуруп алса болмок ким мыйзам бузса ээсине келип турмак.Добушту туура бербептирмин.
+9
nazira...
2021-01-26 18:59:27
Асановду камашты, кайра үй камагына чыгарышты.эми дагы камашты. Эч түшүнбөдүм да. Ортодо депутаттыкка койду, анан анысы аз келгенсип президенттикке койду, боло берет экен да. Эми көрөсүңөр 1,2 айдан кийин дагы үй камагына чыгарышат, анан депутаттыкка аттанат мунусу.
+7
Nina.alex
2021-01-26 19:14:41
Башаламан заман келди
+5
munarbek.92
2021-01-26 19:18:20
курсан силерге не койбу кайра кайра камайсынар кайра коё бересинер
0
Nursul
2021-01-26 20:12:44
Эки үч күндөн кийин үй камагына чыгарылды десе таң калбайм. Камала берет чыга берет түшүнбөйсүң иши кылса буларды
0
Spb
2021-01-26 20:32:58
Бириндикин бирин чуку кыргызга тайакты неге берген деген елего тынардын бир сатирасында чыккандан кийин депутатка талапкер болот прездентке койгондо неге унчуга албадынар егер президент болуп калса деп корктунарго ее мазгалар
0
bond0202
2021-01-26 20:39:11
Канчалаган кылмыштарды мойнуна койуп камап атышат.эгер чындар эле кылмышкер болсо президенттике койгонго боло беле ушулар.эч тушунбойсун чындап эле.
0
saparu
2021-01-26 20:59:05
Садыр тура эмес саясат баштагандай оч алуу деген болбош керек
+2
KBD1987
2021-01-26 22:02:17
Кармап кайра уй камагына чыгарып жатат.
0
Ozgocho111
2021-01-26 23:42:12
Санта Барбара сериалы болду калды...
+1
AdylbekB84
2021-01-27 02:56:37
Байлыгын текшергиле башка иши үчүн жооп бербесе дагы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан