Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына 1979-жылы туулган О.Н. аттуу жаран 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршурттук унаанын ичинен баштыгын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. О.Н. аттуу жарандын жоголгон баштыгында Редми-9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 миң АКШ доллары болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгы жазылат маалыматта.