Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова эркекти эркек зордуктады делген мончодогу окуя боюнча маселени көтөрдү.
"Мончодо болгон окуя боюнча маалымат бере аласыздарбы? Ар кандай маалыматтар айтылып жатат. Алтай Республикасында болгон деп жатышат. Так маалымат бериңизчи", - деди ал.
Ички иштер министри Мирлан Каниметов бул социалдык тармакта тараган маалымат экенин билдирди. Бул боюнча маалымат берилгенин айтты.
Айсулуу Мамашова: "Ал видеодо бала кыргыз тилинде сүйлөп жатат. Кечээ атайын сөздүктү карап, изилдеп чыктым", - деди.
Мирлан Каниметов бул окуя Кыргыз өлкөсүндө болгон эместигин баса белгиледи.