Бүгүн, 27-январда Жогорку Сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу кассациялык даттанууну кароо процесси өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, Салянованын жактоочусу Рабига Садыкова иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өндүрүш ишин жандандыруу өтүнүчү менен кайрылганы айтылат.
"Жогорку Соттун 2021-жыл 27-январдагы токтому менен Аида Саляновага карата ачылган кылмыш ишин жандандыруу боюнча өтүнүчтөн баш тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча жактоочу Рабига Садыковага байланышканыбызда сот кассациялык даттануу боюнча чечимдин резюлятивдик бөлүгүн гана окуганын эмне себептен баш тартылганын толук түшүндүрүп бере албай турганын билдирди.
Маалым болгондой, Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон.