Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Бул кызматка эки талапкер аттанышкан. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов 38 добуш алды.
Буга чейин вице-спикер болуп келген Мирлан Бакиров кызматынан кеткен.
Ал 1973-жылы 15-августта Фрунзе шаарында туулган.
1990-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктаган. Сыдыгалиев 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультети аркылуу “экономист” адистигине ээ болгон. 2011-2014-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктаган.
1995-2002-жылдары - жеке ишкер;
2002- 2006-жылдары - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма - директордун орун басары;
2006-2007-жылдары – Жогорку Кеӊештин депутатынын жардамчысы;
2008-2010-жылдары – “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору;
2010-2011-жылдары – “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасы - директордун орун басары;
2011-2012-жылдары – “Чакан ГЭС” ААК - башкы директорунун орун басары;
2012-2016-жылдары – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
2017-жылдын ноябрынан баштап 2018-жылдын мартына чейин Жогорку Кеӊештин "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин кеӊешчиси;
2018-жылдын мартынан баштап 2019-декабрь айына чейин аталган фракциянын катчысынын башчысы;
2019-жылдын декабрь айынан тарта "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты.