Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктады

Бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешме конституциянын жаңы долбоору боюнча өз ишин жыйынтыктады. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме ишин 35 күн жүргүзгөнүн айтып, конституциянын жаңы долбоорунун учурдагы этабы канааттандырабы деген суроо менен аны катышуучулардын добушуна койду.

Конституциянын жаңы долбоорунун редакциясына карата көпчүлүк "макул" деген добушун берди.

Акырында төрага бардыгына ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы протолколдук иштерди секциялардын жетекчилери менен орун басарлары жүргүзөрүн билдирди.

Акырында Конституциялык кеңешменин бардык мүчөлөрү тарыхый күнгө эстелик катары сүрөткө түшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан