
Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына дайындалган жаңы директор
Ильязбек Ташболот уулун аталган окуу жайдын жамааты кабыл алгысы келбейт. Окуу жайдын айрым кызматкерлери жаңы директор мыйзамга туура келсе да, талаптарга жооп берсе да
Самара Каримованын жолдошу
Асан Мансуров менен ынак мамилеси бар болгондуктан аны менен иштешүүнү каалашпай турганын айтышты.
"Ильязбектин музыкалык билими болсо дагы, мыйзамга туура келсе дагы директор болбой эле койсун. Себеби биз Самараны (ред. Каримова) алып койдук, ордуна кайра эле эркек Самараны коюп койдуңар", - дейт окуу жайдын мугалими.
Ташболот уулунун директор болушуна жамаат каршы экенин айтып жаткан мугалим министрдин орун басарына кайрылып, бизде ызы-чуу болуп жатканда такыр абалыбызды сураган жоксуңар дейт.
"Биз өзүбүз үч талапкерди көрсөтүп жатканбыз. А бирок силер биз менен кеңешпей туруп директор дайындап койдуңар. Биз Самара менен талашып-тартышып жатканда жаңы директор биз тарапта болгон эмес" деди.
Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова нааразычылыктардан улам
кызматынан баш тарткан. Аталган музыкалык окуу жайга бүгүн, 27-январда
Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен
директор болуп дайындалгандыгы маалымдалган. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.