Telegram мессенжерине WhatsApp тиркемесиндеги жазылган каттарды экспорт кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Эми Telegram мессенжерине WhatsApp тиркемесиндеги жазылган каттарды экспорт кылууга болот. Бул тууралуу мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Telegram мессенжерине WhatsApp, Азии Line жана KakaoTalk тиркемелериндеги каттарды гана экспорттоого болот. Айтылган кызматтар Tелеграм 7.4 iOS жаңыланган түрүндө кошулду.

"Тelegram'да WhatsApp, Line же KakaoTalk тиркемелерде жазылган каттарды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жазылган катты Тelegram'дан экспорт кылуу үчүн "Поделиться" кызматы аркылуу ишке ашат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Telegram тиркемесин 500 миллион адам колдонот. WhatsApp мессенжеринин дүйнө жүзү боюнча эки миллиарддан ашуун колдонуучусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан