Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу. Эл өкүлү бара жаткан жолтандабас 2 унааны сүзүп кеткен

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөтүп сөгүнгөн видеосу тарап, кызуу талкууга алынууда.

Видеодо көрүнгөндөй Жолдошбаевден күбөлүгүн сурап, видеого тартып жаткан адамга депутат сөгүнүп, манжасын көрсөтүп, унаасы менен кетип калганын көрүүгө болот.

Милициянын кайгуул кызматы SUPER.KG порталына окуя бүгүн, 28-январда, 10:05 чамасында болгонун тастыктады.

Маалыматка ылайык, “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун тайгактыгынан улам, унаасын башкара албай калып, алгач "Мерседести" андан соң жол жээгинде токтоп турган "Хонда Аккорд" унаасын сүзүп алган.

"28-январь күнү саат болжол менен 10:05 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Темирязов жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгы катталды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган учурда 1991-жылы туулган И.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаа Чокморов көчөсү менен чыгыш багытка бара жатып, Темирязов көчөсүнөн К.Э.нин башкаруусундагы “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны жолдун тайгалагынын кесепетинен сүзгөн. Андан соң жол жээгинде токтоп турган Б.А. аттуу айдоочуга тиешелүү “Хонда Акорд” үлгүсүндөгү автоунаага да тийип, андан ары кетип калган. Бир нече убакыттан кийин “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу И.А. кайра келип, өзү жол кырсыгы тууралуу “102” кызматына кабарлагандыгы аныкталган. Жол кырсыгынан жаракат алган адамдар жок", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда үч автоунаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Топтолгон материалдар Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына мындан ары иликтөөлөрү үчүн жөнөтүлдү.

Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөткөн видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Nurtilek82
2021-01-28 20:22:04
Олойун жазгандарына тушунбодум К А Б Э деп алар кимдер ошондо
+16
Pankration_MMA
2021-01-28 22:39:16
Nurtilek82, булар ушундай, түшүнбөйтурган кылып поролдор менен жазышат)).
+12
Nurtilek82
2021-01-28 20:23:26
Мына кишини тааныдым баягы кепкачан беле
+12
Blueaffair
2021-01-28 20:32:18
Nurtilek82,Ооба ошол шапкесин кыйшыйткан,уялганынан)))
+10
Nurtilek82
2021-01-28 20:39:58
Blueaffair,
0
bond02
2021-01-28 20:51:32
Иммунитети которулуп кеткен го депутаттын.
+9
Kona8631
2021-01-28 20:54:49
Ит эле болду быягы
+12
Kattaldym
2021-01-28 21:03:25
Чылк эле көөптүр бул "уялчаак"
+20
Nursul
2021-01-28 21:59:09
Асылбек Жээнбековбеле оштук туугандардан таяк жеген ошондой кылып муну да улак тартып койуш керек окшойт.
+11
JaneEr
2021-01-28 22:13:58
Лексусун менен орттонгур!
+10
Pankration_MMA
2021-01-28 22:37:57
Кетет жакында, ошого чейин кутуруп алсын ,өзү деле чал болуп калыптыр!
+9
assanov97
2021-01-28 22:51:42
Баняга алпарып келиш керек экен
+8
Merch
2021-01-28 23:42:00
Ал жөн эле шылтоосу тайгаланып кеткени
+3
arimaz89
2021-01-29 10:46:31
Мандатынан ажыратып, жакшылап айып пул салыш керек. Тиги байкуштарды күнөөлүү деп таап, муну актап жүрбөгүлө
+3
arimaz89
2021-01-29 10:47:34
Бул автобуска түшкөнгө ошончо шашып баратканбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан