"Көптөп сабап өлтүрүп, сууга агызып жиберишкен". Алайда милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти

Ош облусунун Алай районундагы милиция кызматкерин өлтүргөн кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-январь күнү саат 16:30 чамасында Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Гүлчө дарыясында жашы 30-35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денени өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери суудан алып чыкканда, ал 32 жаштагы Алай РИИБинин аймактык милиция кызматкери Э.Н. экенин аныкталган.

Денени сырттан кароо жүргүзгөн учурда ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Көп узабай кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар: Алай районунун Будалык айылынын тургундары 54 жаштагы О.Э., 32 жаштагы Ч.И. жана 31 жаштагы С. уулу Б. аттуу жарандар болгон. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмышка шектүү 31 жаштагы жаран мурда Орусиянын аймагында каракчылык боюнча соттолгон.

"Курман болгон кызматкер 2021-жылдын 28-январь күнү эртең менен жумушка келбей калган. Жумушка келбей калгандыктан жетекчилиги издей баштаган. Андан соң анын жансыз денеси табылган. Маркум 2021-жылдын 27-январь күнү саат 21:00гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүтүп үйүнө кеткен.

Алгачкы тергөөдө маркум жумуштан кийин жакын мамиледе болгон балдар менен жакын санаалаш досунун туулган күнүн белгилеп олтурушкан. Ал жерде спирттик ичимдик ичип мас абалдагы достор сөз талашып мушташа кетишкен, натыйжада көптөп кызматкерди сабап салышкан. Э.Н. алган жараатынан окуя болгон жерде каза болуп калгандыктан кылмыш изин жашыруу максатында шектүүлөр маркумдун денесин унаага салып барып, сууга агызып жиберишет. Окуя болжол менен саат түнкү 03:30дан 05:30 чамасында болгон. Учурда далил буюмдар алынып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Muslim_KGstana.
2021-01-29 09:56:39
Будалыктан болсо Ким болду экен а?
Менин Айыл окмотумон экен
0
Ozgocho111
2021-01-29 10:08:28
Эмне деген олкодо жашайбыз ээ...
+3
CR7_JUV
2021-01-29 12:34:14
Ичкилик жакшы жолго алпарбайт!
+5
nazira...
2021-01-29 19:58:05
Милиция болуп туруп мурда соттолгон адам менен достошобу. Өзүнө деле минүс го. Үй бүлөөсүнө сабыр, бейиши болсун, тагдырдын жазганы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан