Түркмөнстандын президенти Садыр Жапаровду президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Түркмөнстан менен Кыргыз мамлекетин кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, Кыргыз-Түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын", - деп жазылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakbai
2021-01-29 13:20:58
Рахмат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан