Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы А.Н.С кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кармалган.
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык жактан баюу максатын көздөгөн А.Н.С, кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызмат орундарынын бирине арыз берген адамдан өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылганы белгилүү болду", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 30-январда жүргүзүлүп жаткан тергөө-оперативдик иш-чараларынын алкагында кармалган А.Н.С УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.