Буга чейин 28-январда Ош облусунун Алай районунда милиция кызматкери киши колдуу болуп өлтүрүлүп, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберишкени маалым болгон.
Кылмышкерлер тарабынан каза болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылында төрөлгөн.
SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү максатында маркумдун бир тууганы Элмурат Эркуловго байланышты.
Анын айтымында, иниси Нурланбек жашыруун кылмыштардын бетин көп ачкан. Адилеттүүлүк, чындык деп күйгөн кесипкөй адам болгон.
"Нурланбек инимдин алдыга койгон максаттары, тилектери көп болчу. Өзүнүн ишин так аткарган, жоопкерчиликтүү, чындык деп күйгөн, элим деп жүргөн бала эле. Ошону менен бирге эле үй-бүлөсүнө дагы бекем, туугандардын барына бирдей караган, өзү жаш болсо дагы өтө калыс адам болчу. Жумушта жашыруун болгон кылмыштарды көп ачкан экен. Ошол себептүү көп сыйлыктар менен сыйланды. Чындык деп жүрүп бизден алыстап кетти. Адилеттүүлүктү орнотуу керек деп эле жүрчү.
Ал эми окуя боюнча айта турган болсом, башынан баштап эле катышып келе жатам. Ош ОИИБ берген маалыматта айтылгандай болду да. Кайсы жерге ыргытылып, кайсы жерде жатканынан бери көрүп келдим. Акыры ошол шектүүлөр кармалганга чейин өзүм катышып, жансыз денеге экспертиза кылганда да кошо жүрдүм. Мындан ары сотторго ынсап берип, адилет чечим кабыл алат, күнөөлүүлөрдүн бирин калтырбай жазасын берет деген үмүттөбүз. Үй-бүлөсү тууралуу айтсам, балдарынын эң улуусу 4 жашка чыгып жатат. Келинчеги "эми жалгыз кантем" деп чырылдап ыйлап жатат. Ата-эненин күйүтүн душманга дагы каалабайт элем", - деп билдирди бир тууган агасы.
Ошондой эле маркум буга чейин УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы аскерлер бөлүгүндө иштеген. Маркумдун агасы инисин бул кызматтан "ушундай иш болуп кетпесин деп чыгарып алганбыз" деп кошумчалады.