Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев Билим берүү министринин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирип чыкты. Айтымында, көпчүлүк коалиция К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиевди бул орунга дайындаганы жатышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дем менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу", - деген Акаев.

Ал Садыр Жапаров, Эльвира Сурабалдиева жана Артём Новиков бул маселеде терең ойлонуу менен жыйынтык чыгаруусун өтүнгөн.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында өкмөттүн жаңы курамы каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janyl98
2021-02-01 10:23:28
Кадрдык балит кайра башталды.
+1
nazarnew
2021-02-01 10:53:33
Артемге, эльвирага и тилекке тийишпесин, калганы кирип кетишсин кирчү жерлерине.
-1
al-abu-kinesz
2021-02-01 11:29:54
nazarnew, Садыр,Сыймык,Камчыбек,Кадырбек,Арстанбек(Мыктыбек), Артемдон башкасы кире берсин кирчу жерлерине.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан