Депутаттардын, премьер-министрдин жана президенттин айлыгын кыскартуу боюнча мыйзам долбоору дагы деле коомдук талкууга чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, парламентте мыйзам долбоорлоруна цензура башталганы байкалат.
"Депутат мыйзам долбоорун демилгелөөсүнө эч ким тыюу сала албайт жана ага эч кимдин укугу да жок. Эгер андай болсо, бул Баш мыйзамды бузуу болуп саналат. Бирок биз Конституция аркылуу ант бергенибиз менен аны аткаруудагы реалдуулуктан алыспыз. Мен Жогорку Кеңештин аппаратынын башчысына, орун басарларынын дарегине депутаттардын, президенттин жана премьер-министрдин эмгек акысын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорумду жарыялоо үчүн бир нече жолу кат жаздым. Андан бери дайын жок, долбоор колдоо таппай жатат. Ошондуктан мен мыйзам долбоорунун текстин вебсайтыма жарыялап жатам. Балким кимдир бирөө аны элдик демилге катары колдоп калат", - дейт Бекешев.
Долбоордун толук текстти:
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын премьер-министринин эмгек акысынын өлчөмдөрү жөнүнө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене
2-берене
Кезектеги жылга профициттик республикалык бюджетти кабыл алууда, Жогорку Кеңеш профициттик республикалык бюджеттин колдонуу убагына 1-беренеде көрсөтүлгөн адамдардын ар айлык эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2026-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын премьер-министринин эмгек акысынын өлчөмдөрү жөнүнө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна маалымкат-негиздемеси
Ушул мыйзам долбоору социалдык адилеттүүлүктү орнотуу, жогорку саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга дем берүү, жарандардын байгерчилигинин деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджеттин чыгашаларын кыскартуу максатында иштелип чыккан.
1) Жарандардын байгерчилиги үчүн жооптуу адамдардын ар айлык эмгек акысынын өлчөмүн жашоо минимунун өлчөмүнө байланыштыруу;
2) Жооптуу адамдардын профициттик бюджетти кабыл алуусуна дем берүү жана профицит убагына жооптуу адамдардын эмгек акысын көбөйтүү укугун Жогорку Кеңешке берүү;
3) Теңдемделген республикалык бюджетти кабыл алуу жана жашоо минимунун өлчөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү.
Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улутстатком) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасында жашоо минимуму айына 5500 сомдон 6500 сомго чейин өзгөрүлүп турат. 2009-жылдын 26-майындагы “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жашоо минимуму – бул минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоосун камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (төгүмдөрдүн) суммасынын нарктык бааланышы. Эгерде Улутстаткомдун маалыматын карасак, анда жарандын жашоосу үчүн зарыл товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин, ошондой эле товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө сумманы көрүүгө болот. Статистикалык комитет Кыргыз Республикасынын жараны биринчи керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн ай сайын 6500 сом талап кылат деп эсептеген. Бул акчага адам өзүн багып, бут кийим кийим, керектүү же милдеттүү кызматтарга акы төлөй алат деп болжолдонууда. Мисалы, “коммуналка”, уюлдук байланышка, интернетке, коомдук транспортто жүрүүгө жана башкаларга кеткен чыгымдар.
Ошондой эле жашоо минимуна ар бир жаран төлөгөн бардык салыктар киргизилген. Болгон маалыматтар боюнча жашоо минимунун жалпы суммасынын үч пайызы салык төлөөгө багытталган, башкача айтканда 6500 сомдун үч пайызы 195 сомду түзөт, бул маалыматтарга караганда жетиштүүдөй көрүнөт. Бардыгы логикалуу окшойт: минимум адамдын негизги керектөөлөрүнүн топтомун камсыз кылчудай жана “күн көрүүгө” мүмкүндүк берчүдөй туюлат. Иш жүзүндө бул минимумга жашамак тургай – бир ай өлбөстүн күнүн көрүүгө болбойт. Мисалы, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, айына сегиз килограмм нан жетиштүү, эгерде бул көрсөткүчтү бир айга бөлсөңүз, анда күнүнө 250 грамм болот. Бул бир күн бою үч кесим нан дегенди билдирет. Быштак жана май жөнүндө биротоло унутушуңуз керек, анткени жашоо минимунда быштак такыр эле жок, ал эми май бир айга 300 грамм же күнүнө 10 грамм. Мамлекеттин биринчи адамдары, ошондой эле депутаттар көрсөтүлгөн суммага канчалык деңгээлде жашоого болорун текшерип чыгуу зарыл деп эсептейм. Эгерде чиновниктер жашоо минимунун деңгээлинде алышса, карапайым адамдар күн сайын кездешкен кыйын чындыктарды жакшыраак түшүнө башташмак.
Бул мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, Премьер-министрдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын эмгек акысын жашоо минимуна барабар кылып белгилөө сунушталат. Бул норма ушул мыйзам долбоорун кабыл алынган күндөн тартып беш жылга чейин убактылуу болот. 2021-жылдан тартып тышкы карыздарды төлөөнүн туу чокусу башталаар фактысын эске алсак, бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бюджетине жакшы сумманы үнөмдөйт, аларды карызды жоюуга багыттого болот. Жогорку Кеңештин 120 депутатынын, премьер-министрдин жана Президенттин эмгек акысынын жылдык фонду 80 миллион сомду түзөт. Эгерде 122ни (аларга Мыйзам жайылтылган адамдардын санын) 6500гө (2021-жылы жашоо минимунун орточо көлөмү) жана 12ге (айлардын саны) көбөйтсөк, анда 9 516 000 сом болот. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда,бюджет 70 миллион сомду үнөмдөй алат. Мыйзам долбоорунда депутаттар өз ишинин натыйжаларынан улам эмгек акынын суммасын көбөйтө алаары жазылат, башкача айтканда, профициттик бюджет кабыл алынганда эмгек акынын көбөйүшү болжолдонот.
Бул мыйзам долбоору депутаттардын натыйжалуу иштешине дем берет, чиновниктерди сарптоолорго тиешелүү чечимдерди кайра карап чыгууга, Мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөөгө түртөт.
Ушул Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам долбоору коомдук талкуу өткөрүү үчүн иштеп чыгуучунун https://bekeshev.kg сайтына жайгаштырылган.
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жүргүзүлгөн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана эл аралык мыйзамдардын актыларына карама-каршы келбестигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылык сарптоолорго алып келбейт, тескерисинче республикалык бюджеттин чыгашаларын үнөмдөйт.
Мыйзам долбоору ишкердик иштин чөйрөсүн жөнгө салбагандыктан, жөндөө таасирин талдоо талап кылынбайт.