19 жаштагы жигит "4-классымдан бери 3 эркек зордуктап жүрдү" деп милицияга арыз жазды

SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 19 жаштагы тургуну кайрылып, "2010-жылдан бери бөлөлөрүм коркутуу, үркүтүү жолу менен зордуктап жүргөн" деп билдирди. Редакция бизге кайрылган адамдын аты-жөнүн ачык бербейт.

Ал бир жума мурун милицияга арыз жазган.

"Алгач 4-классымда болду. Бөлөлөрүмдүн үйүнө конокко барганбыз. Эшикте ойноп жүрсөк эле мени бир бөлөм малиналардын арасына жетелеп алып барды. Мен ойнойт экенбиз деп ойлогом. Бирок бир аздан кийин кармалап тийишип баштады. Менин күчүм жеткен жок. Шымымды чечип, жаман ишин кылды. Ыйлап жатсам, бирөө-жарымга айтсаң өлтүрүп коём деп кетип калды. Мен ыйлап анан үйгө кирдим.

Ошондо 2010-жылдан 2015-жылга чейин эки бөлөмдөн кордук көрүп келдим. Ал эми 2015-жылдан кийин Каныш-Кыяга келгенде кошунамдын баласы зордуктап жүрдү. Ал 2000-жылы туулган бала. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болду. Ошондон кийин милицияга арыз жазууну туура көрдүм дагы милицияга арыз жаздым. Канча жолу аракет кылдым, бирок коркуп айта албай жүргөм. Эми туугандарым дагы бул окуя боюнча билгендиктен аларга ишенип, бул зөөкүрлөрдүн аягына чыгайын деп чечтим", - деп билдирет жабырлануучу адам.

Жабырлануучу милицияга арыз жазгандан кийин Ош шаарына экспертизадан өтүүгө барган. Анда "артында" айрылып, кайра бүтөлгөн белгилер бар экендиги белгилүү болгондугун жабырландым деген адамдын эжеси айтат.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылып төмөнкүчө маалымат алдык.

"26-январь күнү Чаткал РИИБине 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Belek1710
2021-02-01 18:33:07
19дагы армия курактагы бала эмнени жазып жатат түшүнбөдүм мен дагы, күч десе күчкө аш десе ашка тойбой турган маалда.
+10
Sajakat14
2021-02-01 18:46:26
Belek1710,сени эркектер зордуктап кетсе туура эле иш боло береби? Зордукталган адамдын психикасы өмүр бою запкы жейт. Психолог керек! Педофилдерге каршы чара көрсөтүш керек! 18ге чыга элек баланын, психикасы толук өнүгүп бүтө элек, өзүн өзү коргой албаган жашта зордуктап баштаптыр. Түрмөгө гана тыгыш керек. Ал жактан тиги үчөөнү зектер зордуктпганда көздөрүнө жаны көрүнөө.
+15
Perfekt
2021-02-01 19:34:05
Не деген заман болуп баратат. Озунун эле туугандары ушундай иш кылса.
+13
Kupa82
2021-02-01 20:10:08
Кыздарыбыздан коркчу элек,уулдарыбызды да коргойлу
+11
Ais8
2021-02-01 20:24:37
Не дегем шумдук не деген заман
+5
nazira...
2021-02-01 20:24:40
Эмне үчүн 19 жашка келгенде айтты, ага чейин деле айтса болот го ата энесине. 4 кластан бери энеси деле байкабады бекен. Бирок кеч болсо да айтканы жакшы болуптур, дагы канча баланы ыйлатышты экен акмактар. Жүрөк ооруйт, 4-класс бечара бала, эмне деген шумдук. Мындайлар көбөйүп кете электе тазалаш керек, наркы үчөөнүн жазасын берсин милициялар. Айыл жеринде туугандары болсо, ойго келбеген шумдук.
+6
Katie
2021-02-01 21:02:42
19 да болсо эмне экен элден намыс кылып айталган эмесда Эртең кылмышкерлер кармалды ,сот жообуна тартылды ....
Болду Чаткалдыктар өзүңөр эле жазалап салгылачы.
+7
Margo82
2021-02-01 21:21:51
Katie,туура эл өзү жазалап акмагын чыгарыш керек,айланайын кудайым ушундай шумдуктардан озун сактай кор.
+7
Mnmn
2021-02-01 23:16:24
Аллахым эки дүнүйөө шерменде кыла көрбө өзүң мееримдүү ырайымдуу улуу затсың.
+6
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2021-02-01 23:37:50
Ошондо эмне болуп калды. Эркектерди да эркек балдардан коргоп калабызбы. Баарыбызда бала бар да, балдары жоктор деле балалуу болушат да. Ошондо эмне кылышат. Балдарынын беттерин кантип карашат, балдары ошол куракка жеткенде. Зордуктап атты бекен же зордукталып атты бекен деген ой жебейби ошол илгери зордуктап жургон ата соройду
+7
Altins77--
2021-02-01 23:50:15
Чаткалдык намыстуу жигиттер бар болсонор жанагы иттердин кылгыны чын болсо барып туруп аласын айрып таштагыла!!!
+12
Arai92
2021-02-02 00:40:50
Я в шоке
+6
Raihan0602
2021-02-02 00:44:34
Эки буттуу айбандарга өлүм жазасын бериш керек
+6
Bolotbek9191
2021-02-02 08:08:34
Акмакчылыктын жеткен чеги жазалаш керек
+1
Nursul
2021-02-02 09:18:06
Эвропа андай эвропа мындай деп атып эвропадан да өтүп кеттик ко зөөкүрлүк жагынан
+2
AykaMer
2021-02-02 11:34:31
Напсиңерге ит чычып эле кетсин... акыркы заман аябай эле жакындар калган окшойт тообо кылдым...
0
aiba_00
2021-02-02 15:29:17
Баянку банядагы окуяны коргондон кийин, милицияга жазайын деп чечкен го, байкуш бала 10 жашынан бери эмне деген ичинен жан дуйносу кыйналып журду эч кимге айта албаса, психикасын оло эле бузуптур да акмактар, чонойгондо да ордуктаса жоош бала окшойт, адамдын жумшагын адам жейт деген чын да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан