Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын "Таштемир Ажы” базарында 31-январь күнү белгисиз жарандар Ноокат районунун Ынтымак айылынын 20 жаштагы Э.Н.нын сумкасынын ичинен акча салынган капчыгын уурдап кетишкен. Капчыктын ичинде арыздануучунун 10 миң 500 сом акчасы болгондугун билдирип милицияга кайрылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 41 жаштагы тургуну Х.О. аттуу аял киши кармалган. Кылмышка шектүүнүн жанынан уурдалган капчык табылып, акча өз ээсине кайтарылган.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.