Ысык-Көлдө эне менен баланын жансыз денеси үйүнөн табылды. Маркумдар киши колдуу болуп каза болгон

Ысык-Көл облусунда эне менен баланын жансыз денеси үйүнөн табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБинин жана Ысык-Көл ОИИБдин тергөө-ыкчам тобу чыгып барган учурда үйдүн кире бериш бөлмөсүндө эне менен баланын башынан катуу нерседен жаракат алып, каза болгон жансыз денелери жаткан. Алдын-ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда, кылмышка шектүү катары ушул эле айылдын жашоочусу аныкталып, азыркы учурда издөөгө алынды.

Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана облустук милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды издөө жана кармоо иш-чаралары улантылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

19 жаштагы жигит "4-классымдан бери 3 эркек зордуктап жүрдү" деп милицияга арыз жазды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан