Биз социалдык тармакта

Тилек Токтогазиев: "Мен жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат"

Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев эртең, 3-февралда аткарган иштери тууралуу маалымат жыйын берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Колдооңуздарга чоң рахмат. Сиздердин ар бир айтылган жылуу сөзүңөр, колдоо максатында жазган каттарыңар жана чалууларыңар демиме дем кошту. Бул мен үчүн абдан жагымдуу.

Министр катары жумушка киришкен күнү мен сиздерге отчёт берем деп убада бергем. Андыктан, эртең 100 күндүн ичинде биздин команда кандай ири долбоорлорду ишке ашырганын айтып берүү үчүн маалымат жыйын беребиз. Баса, азыр мен жөнүндө, министрлик жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат. Сиздерди ишенимдүү булактардын такталган маалыматтарын гана окууга чакырам", - деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Eka.kg
2021-02-02 17:11:03
Кыйкырып жатып кызмат алдың эле, сен келгенден бери азык-түлүктөрдүн баасы аябай өсүп кетти! Популист!
+17
Aky12
2021-02-02 19:50:19
Eka.kg,азык тулуктун кымбаттаганын бир эле Тилек Токтогазиев жонго сала албайт, дуйно жузундо болуп жаткан "вирус","кризисти" тушунбой эле бир адамды эле куноолоп, аны иштен алып, башканы койгондон пайда жок экенин тушунбойсунбу???
+4
Sajakat14
2021-02-04 13:13:07
Eka.kg,доллардын көтөрүлүшүнө Токтогазиев жоопкерчилик көтөрбөй!
0
Bolotbek9191
2021-02-02 17:34:57
Бул кетиптир жакшы эле иштеп аткан негизи
+9
Bolotbek9191
2021-02-02 17:35:44
Башка бироону алып келишиптир алдагы жарытпайт
+11
bond02
2021-02-02 20:32:17
Парнигине жоно тез.
+1
Sajakat14
2021-02-04 13:14:13
bond02,эмне кылышты сенден сурабайт. Өзүңдү билип алчы!
0
zhaynak
2021-02-02 22:30:04
Негизи тонкоруштон пайдаландын да. Бир мекемени башкаруу учун ошол жерде кичине ысык суугун коруш керек да. Корочи Самара менен бирдей элесинер да. Сразу жетекчи болбосом болбойт деп.
+3
bekbol2006
2021-02-02 22:39:08
Аракет кылдын молодец
-1
Sajakat14
2021-02-04 13:14:52
bekbol2006,100 күн абдан аз. Аракет жасады. Рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан