Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.
Анда депутат Камчыбек Жолдошбаевге сөз кезеги келип, ал Улукбек Мариповго "Жылмайып, бери карап койсоңуз" деп кайрылды.
"Бишкек шаарынын түтүнү боюнча айтылып эле жатат. Бирок ошол бойдон калууда. Сиз 10-15тен бак тигип, карагыла деп буйрук берсеңиз. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучусуна айтат элем. Бахилаларды кымбат баага сатышкан экен. Сиздин убагыңызда эмес, бирок түшүндүрүп айтып койсоңуздар", - деди ал.