Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралып, жактырылды. Буга чейин парламенттин тийиштүү комитетинде каралып колдоо тапкан.

Улукбек Марипов ишеним көрсөтүп колдогондорго ыраазычылыгын билдирди. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өкмөт мүчөлөрүнө ийгиликтерди каалады.

Жаңы өкмөттүн курамы:

  • Премьер-министр — Улукбек Марипов;
  • Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
  • Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
  • Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чынбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан