Депутат Тазабек Икрамов Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маселе көтөрдү. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айтканын белгиледи.
"Кечээ Улукбек Марипов өз программасы менен тааныштырып жатып бир кызык фактыны айтып алды. Ал Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы жөнүндө маселе. Бул суу сактагычынын стратегиялык мааниси зор. Эгер биз премьер-министрдин сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак жагына айланат. Дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", - деди ал.