SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кадамжай районунун жашоочусу кайрылып, аймактагы башы бар, аягы жок зээн кейиткен жолдун видеосун жиберип, андан өтөм деп 2 кыздын буту жанчылып калганын кабарлаган.
Бул боюнча Кадамжай шаарынын мэри Бакыт Бегалиев төмөнкүлөрдү айтып берди. Айтымында, азыркы тапта бул маселени чечүү максатында тиешелүү мекеме өкүлдөрү күжүрмөн иштеп жатат.
"Окуя кечээ, 3-февралда болгон. Негизи жол Транспорт жана жолдор министрлигине карайт жана ал 2012-жылы курулган. Окуя жүк ташуучу унаа бурулган учурда болгон. Анда жолдон 2 кыз өтүп бара жаткан. Азыр бул боюнча милиция кызматкерлери, министрликтин өкүлдөрү жана мэрия биргеликте иштеп жатышат. Азыркы тапта жабыркаган 2 кыз ооруканада", - деди мэр.
Ал эми окуяга күбө болуп, бирок атын атагысы келбеген жаран азыркы тапта жабыркаган кыздардын абалы жакшы экенин айтты. Ал билдирген маалыматка ылайык, кыздар 11-классстын окуучулары. Алар Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылынын жашоочулары.