Социалдык тармакка жарадар болуп жаткан кыздын сүрөтү жарыяланып, анын каза болгону айтылган. Андагы маалымат боюнча, окуя Орусияда орун алган.
Интернет желесине тарап жаткан сүрөт жана маалымат боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү жасап, жабырлануучу каза болбогонун, ал ооруканада жатканын кабарлашты. Ошондой эле кылмышка шектүүнү аныктоо жана кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан төмөндөгүдөй маалымат беришти.
"Кызды каза болду деген кабар чындыкка дал келбейт. Жабырлануучу жаракат алып, операция жасалып ооруканада жатат. Ата-энеси жанында экени маалым болду. Ошону менен бирге жакындары ар кандай маалымат таратпоону өтүнүштү", - дешти элчиликтен.