Талас. Автоунаалардын номерине ысымын жабыштырган баш кошкондор 500 сом айып төлөшүүдө

Талас шаарында үйлөнүү-үлпөт тоюнда машиналардын алдынкы номеринин үстүнө баш кошуп жаткан кыз-жигиттин атын жазып, жабыштырып коюу адаты уланууда. Мисалы, 29-октябрда да мындай машиналардын экөөнө күбө болдук. "Бул сыяктуу көрүнүш мыйзам чегинде кандай каралат?" деген суроо менен Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн административдик чара көрүү боюнча инспектору Мирбек Керимбековго кайрылдык. “Административдик кодекстин жол-транспортко байланыштуу 224-беренеси бар. Анын 3-бөлүгүндө автоунаалардын мамлекеттик номерлерин жаап-жашырууга каршы аракеттерге чара көрүү тууралуу жазылган. Ушул беренеге ылайык, автоунаалардын номеринин үстүнө атын жабыштырып алгандар 500 сом айып пул төлөшөт. Ар апта сайын аз дегенде ушундай машиналардын эки-үчөөнү кармап, айып салуудабыз”,- дейт инспектор.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meridian
2012-10-29 23:20:03
оооо эми маичилерге табылбый эле калат экен да...
0
samat__kg..
2012-10-30 07:54:01
Жакшы болуптур МАИ кызматкерлерине..Негизи бугунку сонку кабарларда Таластыктар алдыдаго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан