Башкы прокурор Курманбек Бакиев менен Аскар Шадиевди өлкөгө экстрадициялоо боюнча айтты

Бүгүн, 5-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Курманбек Бакиев менен Аскар Шадиевди өлкөгө экстрадициялоо боюнча тийиштүү өлкөлөргө кат жөнөтүлгөнүн билдирди.
"Беларусь жана АКШ өлкөсүнө кат жөнөтүлдү. Бирок жооп келе элек", - деди Зулушев.
Учурда прокурор маалымат жыйын берүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

Ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.

Былтыр ал "мыйзамсыз баюу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 60 миң айып салуу жана мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
algakaray
2021-02-05 16:10:07
Жообу уялчаак депутат корсотту го жакында ошондой болуп келет болуш кк.
+6
futboler
2021-02-05 16:18:53
Бакиевди билбейм, бирок Шадиевди жакында акташат, жөн жерден өкүл баласы премьер министр болду дейсинерби.
+7
Mirnar
2021-02-05 17:30:37
Кыргызстандакы коррупционерлерди эптеп алгылачы башта, анан башка мамлекеттер менен суйлошосунор.
+2
Aibek_eka
2021-02-05 18:38:10
Курманбек Бакиевти Аскар Акаевти олкого сый урматы менен алып келиш керек уят жакшыбы жаманбы ошолорду убагында шайлап президент кылганбыз башка олкодо ата мекенди энсеп журушот
+6
bond02
2021-02-05 18:47:58
Башкасын билбейм бирок Бакиевке тишинер отпойт.
+4
Belek1710
2021-02-05 21:22:53
Жооп өмүр бою күсөңөр дагы келбейт, келген дагы эмес. Бул силердин эле жообуңар да, жөнөттүк келбесе не кылалы дегендей.
+1
forever88
2021-02-06 15:57:35
Ошентип алып келимиш болуп актап чыгышат же Раимовдой кылып кое беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан