
Президент
Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси
Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Башкы прокурор
Курманкул Зулушев билдирди.
"Жогорку Сот ишти өндүрүштөн ушул жылдын 25-январында кыскартты. Учурда Финполиция ишти кайрадан тергеп жатат",- деди Курманкул Зулушев.
Буга чейин суроо берилгенде алгач Прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Асилбек Акматов тергөө дагы кыскартылды деп айткан. Бирок анын туура эмес айтып алганын Башкы прокурор оңдоду.