Садыр Жапаровдун эжесине козголгон кылмыш иши кыскартылды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 5-февраль, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаровдун эжесине козголгон кылмыш иши кыскартылганы айтылды
Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Сот ишти өндүрүштөн ушул жылдын 25-январында кыскартты. Учурда Финполиция ишти кайрадан тергеп жатат.
Буга чейин суроо берилгенде алгач Башкы прокурордун башкармалыгынын башчысы Асилбек Акматов тергөө дагы кыскартылды деп айткан. Бирок анын туура эмес айтып алганын Башкы прокурор оңдоду.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова өткөн жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган.
"Баткендеги Төрт-Гүл каналы башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес" дейт өкмөттүн облустагы өкүлү

Төрт-Гүл каналы Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов бүгүн, 5-февралда Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар менен жолуккан учурда билдиргенин мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрт-Гүл каналы боюнча суроо узатышкан. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрт-Гүл суу сактагычына келген Төрт-Гүл каналы толугу менен Кыргыз өлкөсүнө тийиштүү экенин айткан.

"19 чакырым болгон канал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан башталып, Төрт-Гүл суу сактагычына чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү объект болгондуктан күнү-түнү Кыргыз өлкөсүнүн ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул объект башка мамлекеттин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт", - деген өкүл.

Ошондой эле жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечилерин баса белгилеген.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маселе көтөргөн.

Ал премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айтканын белгиледи.

"Кечээ Улукбек Марипов өз программасы менен тааныштырып жатып бир кызык фактыны айтып алды. Ал Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы жөнүндө маселе. Бул суу сактагычынын стратегиялык мааниси зор. Эгер биз премьер-министрдин сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак жагына айланат. Дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", - деди ал.

Медет Садыркуловдун кызы Эсептөө палатасынын төрайымы болду

Эсептөө палатасынын төрайымынын милдетин аткаруу аудитор Айжан Садыркуловага жүктөлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон.

Буга чейин аталган палатаны Улукбек Марипов башкарып келген.

Садыркулова Эсептөө палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.

Айжан Садыркулова - 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан