Экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу боюнча кол чогултуу иштери башталды. Бул тууралуу демилгечи Чыңгыз Капаров билдирди.
Анын айтымына караганда, эки экс-президентке макам мыйзамсыз берилген.
"Роза Отунбаева 2010-жылы шайлоого катышкан эмес, ал эми Сооронбай Жээнбеков алты жылдык мөөнөт менен шайланып, бирок мөөнөтү бүтө электе кызматын тапшырып берди. Демек, эки президентке тең экс-президент деген макам мыйзамсыз берилген. Буга мыйзамда жол берилбейт.
Азыр кол топтоп жатабыз. 300 миң кол топтолгондон кийин Конституциялык сотко кайрылабыз", - деди Чыңгыз Капаров.