Бүгүн, 7-февралга карата өлкөдөгү медициналык жайларда коронавирус инфекциясына каршы 462 бейтап дарыланууда. Республикалык штабдан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:
* 314 бейтап - орто оордукта;
* 115 бейтап - оор абалда;
* 33 бейтап - өтө оор абалда.
Өлкөдө коронавирус илдети катталган күндөн бери жалпы 85 миң 71 жаран жабыркаса, анын 81 миң 635и айыкты. Тилекке каршы, 1 миң 426 бейтап көз жумду.