Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 10 миң 899 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 107 адам каза болсо, 3 миң 711 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5 миң 392 адам (жалпы 121 миң 301);
Москва облусунда - 1 миң 63 адам (жалпы 22 миң 700);
Нижегород облусунда - 354 адам (жалпы 5 миң 87);
Санкт-Петербург шаарында - 339 адам (жалпы 8 миң 50) жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусия коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны боюнча, АКШдан кийин экинчи орунга жайгашты. Бул өлкөнүн 85 аймагынан жалпы 232 миң 243 адамдан инфекция аныкталды. 2 миң 116 адам каза болсо, 43 миң 512 бейтап айыгып чыкты.
Биринчи орунда келе жаткан АКШда коронавируска чалдыккандардын саны дээрлик 1 миллион 400 миңге чукулдап калды. Ал эми тизмеде үчүнчү саптан орун алган Испанияда бүгүнкү күнгө карата ооругандардын саны 227 миң 436 адамды түзөт.