Бүгүн, 9-февралда кызматын өткөрүп берген Балбак Түлөбаев маалымат жыйын берип жатат. Анда журналисттер кызыккан суроолорун беришүүдө.
"Шаар мэринин милдетин аткаруучу болуп убактылуу болдуңуз. Эми деле жаңы дайындаган мэр убактылуу шайланды. Сиз аягына чейин иштесеңиз болбойт беле" деген суроо узатылды. Ага Балбак Түлөбаев төмөндөгүдөй жооп берди:
"Таза жүрөктүүлөр, эл деген адамдар кызматка келсин. Элдик толкундоолордон кийин кызматка барбайм. Люстрацияга барам дегем. Бирок кыйын учур болгондуктан келдим. Элге берген сөзүмө турдум. Шаарда болгон көйгөйлөрдү алып чыгып койдум. Кийинки мэрге жакшы болот деп ойлойм", - деди Балбак Түлөбаев.
Эске салсак, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматтан кеткени кабарланган.
Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев эмгек жамаатка тааныштырылды.