Биз социалдык тармакта

"Дарыланайын, эс алайын деп өз каалоом менен кызматтан кеттим" дейт Балбак Түлөбаев

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен Балбак Түлөбаев бүгүн, 9-февралда маалымат жыйын берүүдө. Анда ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенин айтып, буларга токтолду.

"Муну чапты, муну алып келди, муну кетирип жатат, кокуй эле, кокуй дебегиле. Андай жок, мен өзүм кеттим. Ажобуз иштей бербейсиңби деп айтты. Мен шаардыктарга сөз бергем, кетем дедим. 3 жыл тынбай, күнү-түнү дебей иштедик. Мен ооруп жатам, оорусам да иштеп жүрөм. Мен азыр ооруканага жатып, дарыланышым керек. Эс алып алайын деп жатам. Бардык эле муниципалдык кызматкерлер ушундай кылат. Баарыңарга айтайын, мен адаммын, өзүм чечим кабыл алдым, эч кимдин күнөөсү жок.

Сөз берип алып эле кете берет экенсиңер деп айтышыңар мүмкүн, шарттар бар. Негизгиси долбоорлор бар, ошолор аткарылат деп ойлойм", - деди Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-02-09 11:03:40
Жок дегенде жаңы конуштарга үйлөргө документтерди чыгарып кетсең болмок
+2
rafo80
2021-02-09 14:39:12
Азаматсыз, сиздей адамдар көп болсо тез эле өнүгөбүз.
0
Kombi
2021-02-09 18:52:07
Озум кызматан кеттим деп жаз деп кообу кететирет. Себеби жашоодо ошондой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан