Биз социалдык тармакта

Баш калаага башчы болуп келген Эрмек Нургазиев кызматта узак убакыт калуу ниетин билдирди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев узак убакытка чейин кызматта калуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

"Кызматка 2 айга келүүнүн кажети жок. Албетте, мен бардык пландалган иштерди ишке ашырууга үлгүрбөйм, бирок болушунча иштегенге аракет кылам. Жаңы депутаттар келишет, ошолор чечишет", - деди ал.

Бишкек шаардык кеңешинин курамына депутаттарды шайлоо 11-апрелге белгиленген.

Эске салсак, кечээ, 8-февралда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuban-1207
2021-02-09 12:42:06
Бул деле жыргатпайт убакыт өтө берет жыйынтыгы жок болот
+1
bond02
2021-02-09 12:48:28
Короче каша.
+1
Baiaman997
2021-02-09 13:25:47
Бир кун дагы калбай, иштен алындыго
+4
Nina.alex
2021-02-09 15:55:11
Ай бир кудай билет
0
futboler
2021-02-09 19:12:41
Ооба, рекорд койду го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан