Садыр Жапаров Эрмек Нургазиевди Бишкектин мэри кызматына коюу оюнан кайттыбы?

Жаңы дайындалган калаа башчысынын милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев кызматтан алынганы айтылууда.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес", - деп жазып калтырган.

Бул маалыматты тактоо максатында шаардык мэриянын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын айтты.

Кечээ, кечинде мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин кызматтан кеткендиги маалым болгон. Бүгүн, 9-февралда эртең менен бул орунга Эрмек Нургазиев келип, маалымат жыйын да берүүгө үлгүрдү. Анын жүрүшүндө ал баш калаанын башчылыгына президент Садыр Жапаровдун айланасындагы адамдар түрткү болгонун айткан. Ошондой эле ал Жапаровдун өзү менен 2 жолу жолугушуп, пландарын айтканын кошумчалаган.

Бул арада ЖМКлар Эрмек Нургазиев коомчулукка аял киши менен жаңжалдашып жаткан видеосу менен көбүрөөк белгилүү экенин жарыялап жатышты. Бул чыр боюнча Нургазиев журналисттердин суроосуна жооп берип, "Мен аны жооп катары чапкам" деди.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazira...
2021-02-09 13:43:08
Ошон үчүн Н. Түлеевди эле калтырып коюшунар кере эле да.
-7
Jelezo
2021-02-09 13:51:13
Балбакты эмнеге кетирдиң.Садыр -20 пайызга ылдый түш көп эле бийик отуруп алып көп нерсени көрө албай жатасын.
+11
Samsung-
2021-02-09 14:09:28
Бийлике келери менен кулагы дулой козу кор болуп калды садырын
+6
modem4999
2021-02-09 14:13:43
Булар жыргатпай калды
+5
Bolotbek9191
2021-02-09 14:50:24
Эмнеле болуп жатат Садыр Жапаров коёп алып
+3
Bolotbek9191
2021-02-09 14:50:55
Эмне кыларында билбей жатабы дейм
+3
Abramovich
2021-02-09 16:51:10
Озу Мэрди президент дайындабайт го. Шаардык кенештин депутаттары шайлашы керек эле. Бизде баары каша болуп калды окшойт
+1
bond0202
2021-02-09 17:36:23
Биз да оюбуздан кайттык деп башка президент шайласак окшойт
0
Malik92
2021-02-09 20:20:44
Баарын эле акылдуусунарго эксперттер силерден ким кенеш сурап жатат ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан