Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов денесине оор жаракат келтирүү боюнча кылмыштын бети изи сууй электе ачылгандыгын кабарлады. Окуя 2-декабрь күнү Талас шаарындагы “Бакыт” чайканасы жайгашкан жерде болгон. 1992-жылы туулган Каныбек уулу Самарбекти саат түнкү 1:00 чамасында бейтааныш адам бычак менен сайып кеткен. Талас ОИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде жогорудагы кылмышты жасагандыгы аныкталып, Талас шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Эмилбек уулу Мелис кармалды. Жабырлануучу дарыланып жатат. Ал эми Эмилбек уулу Мелис камакка алынып, бул факты боюнча иликтөө жүрүүдө.