Кыргыз өлкөсү дагы 260 миң долларлык жардам алды. Бул ирет кимден?

Улуу Британиянын элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 4 тонна медициналык жүк тапшырды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, пандемия Улуу Британия менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташтык ийкемдүү жана көп тараптуу экендигин көрсөттү.

"Бүгүн биз Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине 4 тонна медициналык жүктү тапшырдык. Гуманитардык жардам катары дары-дармектер, глюкометрлер, өпкөнү дем алдыруучу аппараттар келди. Жүктүн жалпы суммасы 260 миң долларды түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргыз мамлекети COVAX механизминин мүчөсү катары британиялык-шведдик фармацевтикалык "Astrazeneca" компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан жарым миллиондон ашык дозада вакцина ала аларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg627
2021-02-09 23:19:00
Карыз карыз жана карыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан