Бүгүн, 28-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынын берди.
Анда ички иштер органдарынын кызматкерлерине төлөнүп берилүүчү компенсация тууралуу суроо узатылды. Буга комендант төмөндөгүдөй жооп берди:
"Ички иштер органдарынын кызматкерлери айлык маянасын толугу менен алып жатышат. Өздөрү кызмат өтөп жаткан аймактарда алар тамак-аш жана коргонуучу каражаттар менен камсыздалган. Мындан тышкары күнүмдүк тамагына 130 сомго чейинки акча бөлүнүп турат. Ал эми кошумча акы төлөп берүү боюнча Ички иштер министрлигинин финансы башкармалыгы өлкөнүн Каржы министрлиги менен иш алып барат. Алар бул маселенин мыйзамдуу жагын карашууда.
Мамлекет тарабынан кызматкерлердин эмгеги көзөмөлсүз калбайт. Бирок азыр күнүмдүк коюлган тапшырманы аткаруу башкы максат. Себеби коомдун саламаттыгы биринчи орунда турат", - дейт комендант.