Фонд: "Садыр Жапаровго белекке берилген унаа Турдакун Усубалиевге таандык эмес"

Буга чейин президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы жеке баракчасына Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке алганын жазган. Бирок ал белекке алган буюмун таберик катары эсептегендиктен автоунааны музейге тапшырууну ылайык көргөн. Унааны белекке Кочкор районунун Бакай аттуу тургуну берген.

Бул унаа боюнча Турдакун Усубалиевдин фонду маалымат таратты. Фонддун маалыматы боюнча, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысында мындай машина болгон эмес. 70-жылдары жогорку даражалуу чиновниктерге берилген бардык белектер катуу көзөмөлгө алынып, бардык мүлктөр каттоодо турган. Бул унаа алардын арасында көрүнбөйт деп жазылат маалыматта.

Турдакун Усубалиев коомдук фондунан билдиргендей, бул унаа эч качан Усубалиевдин менчигинде болгон эмес. Ошондой эле фонддун жетекчилиги Турдакун Усубалиевдин ысымын жеке адамдар коомдук бирикмелер жана уюмдар майда мүлктүк кызыкчылыктарда колдонууга караманча каршы экенин билдиришкен.

Ошондой эле унаа бүгүн Тарых музейине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Apyn8793
2021-02-09 17:54:11
Бул жагы ит эле болду го
+3
batleybesh
2021-02-09 17:54:45
Бул эмнеси Эми, Жапаров кандай Адам озу?
0
al-abu-kinesz
2021-02-09 18:18:05
batleybesh, Жапаров ишенчеек адам, подарить этилген машинаны изилдеп отурду дейсинби? Озуно албай музейге откоруп берген жакшы жагын козун корбогон озун кандай адамсын?
+13
batleybesh
2021-02-09 19:41:40
al-abu-kinesz,мындай биринчи жолу эмес! Эмне сен аны катнысынбы ишенчек экенин билетурган!!
-7
batleybesh
2021-02-09 19:44:55
al-abu-kinesz,Ушул май баскан коздорун бир кун ачылат! Ошондо ушул созумду бир эстеп кой болду, Жапаровко эл умут артты эле Бирок бул умут текке кетип жатат, мунун былтыктары чыгып баштады, кадр маселесин карап корсон тушунуп аласын!
-7
bema_bema
2021-02-09 18:15:02
Озу силерге ким жагат бийлике келе электе эле желкелеп,каралап.Жапаровдо эмне куноо белеке берсе териштирип чукумак беле.Мололец чонтогуно эмес музейге откоруп бериптир.
+13
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан