
Жогорку Соттун 9-февралга карата токтомуна ылайык, буга чейин соттолгон
Нариман Түлеевдин жактоочусунун келтирилген өтүнүч каты жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу канааттандырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдагы жана Жогорку Соттун 2015-жылдагы айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыкты. Ошондой эле аларды кайра кароого Ленин райондук сотуна жиберилди.
Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин кызматтан кеткен. 2012-жылы ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 2013-жылы 11 жылга камакка алуу боюнча соттун өкүмү чыккан.
Кийин 2016-жылы айып пул төлөп, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ал эми 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу кызматына
кайтып келип, нааразычылыктардан улам
кайра бошогон.