УКМК: "Муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды"

Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул каржылык операцияларды ачыкка чыгаргандан кийин Муфтияттын жетекчилиги УКМКнын кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2021-жылдын 9-февралында бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү Муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. УКМКнын кызматкерлерине пара берип жатып кармалган", - деп жазылат билдирүүдө.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул боюнча Муфтиятка байланышканыбызда кийинчерээк маалымат беришерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
SHahabidin-jabborov
2021-02-10 09:54:33
Бардык молдолор бирдей эмес !
+1
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-10 10:14:43
Тууй ата,ушуну муфтияттан куткон эмес элек ээ баарыбыз.
+6
Arzy-11-05
2021-02-10 10:29:04
Суткорлукту (процент) жонокой адамдар кылса арам болот.
+6
Sajakat14
2021-02-11 13:24:18
Arzy-11-05,сүткорлук баарына арам.
0
nazira...
2021-02-10 10:32:43
Кокууй кыргызстан паракорлукка малынып бүткөн экенбиз да коркпой. Мына буга не дейсин диндкн түшүнүгү күчтүү, дин атасы болгон ушулвр кудайдан коркпосо башкалар коркобу.
+6
bond0202
2021-02-10 10:40:47
100мин доллар пара сунуштаса нары жагында аябай эле коп жеп алышканго.
+6
Taalaibek.
2021-02-10 10:56:04
Максатбек ажы Токтомушев бул эмне деген жорук? Тегерегинизди тазаланыз да.
+6
Nina.alex
2021-02-10 11:53:36
Муфтийди кудайындай коргондор эмне дейсинер?? Любой жумушта бухгалтер началниктин он колу болот. Значит муфтийдин жоруктарын жашырууга аракет кылгпн бул бухгалтер максат муфтийдин кебетесинде эле корунуп турат жакшы адам эмес экени. Парасы эле 100мин болсо,канча акча айланат муфтиятта??
-2
Nina.alex
2021-02-10 11:55:18
Анан телевизорго чыгып акыл айтып коюшпт элге"процент харам,албагыла,бербегиле "деп
-3
Tiranlit1
2021-02-10 13:08:22
Туугандар балким куру доомат, балким арасында Бир чирик бардыр. Ушул иш аркылуу баардык муфтияттагылар боюнча жаман ойдо болбогула.
+5
Don-Karlioni
2021-02-10 16:09:05
Бөйрөгүңөрдү эле сатып жебепсиңер анан гемодиализде жатаберет элеңер
+1
Allt
2021-02-10 19:35:52
Муфтийди да камаш керек
0
Adylbek1987
2021-02-10 20:27:10
Ниетибизди жакшыга буралы туугандар балким подстава го
0
Gabiku
2021-02-10 20:27:43
Комментарий жазгандарга деле түшүнбөймүн. Ойлонуп, эстеп көрсөңөр кайсыл муфтийди кызматтан жөн кетирген, бирин олтуруп, бирин аялы мн болгон интимный видеосун таратып, даже Чубак ажы Жалиловду акча жеди деп Муфтийликтен алган.
0
States
2021-02-10 22:44:46
Молдолор кайдасынар ? Кордунорбу акыл динде эмес билимде. Азыр молдолордун заманы буткон
+2
emirchik
2021-02-10 23:21:27
Буларда Акча Аябай Коп Мекеге баргандар эки уч мин долар жон эле ыргытып койушат мени жазып койдеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан