Социалдык тармактарда Бактыбек Аманбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчиси кызматына барат деген маалыматтар айтылууда.
Бактыбек Аманбаев SUPER.KG порталына бул боюнча сунуш түшкөнүн ырастады. "Бул татаал процесс. Мага бул кызматка баруу сунушу болгон. Бирок мунун механизми чечиле элек. Бир катар иш-чаралар аткарылышы керек", - деди ал.
Буга чейин Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматын ээлеп келген. Ал өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө кызматтан бошотулган.