Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнү жазылат маалыматта.

2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
al-abu-kinesz
2021-02-10 11:47:20
Бул дагы саясаттын курмандыгына кабылган мыкты жигиттердин бири болчу
+4
Jelezo
2021-02-10 19:25:01
Кылмыш ишин козгогон тергөөчү менен жалган жалаа менен соттогон сотторду камаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан